Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт

Ал чейрек финалда Япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилип калды

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль үчүн күч сынашат. Бул тууралуу спорт департаментинин пресс-катчысы Айгерим Турдалиева билдирди.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүп, 1/8 финалдан баштаган. Алгач Таиланддык спортчу менен беттешип 14 секунд ичинде атаандашын жеңген.

Ал эми чейрек финалда Япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди.

Кийин Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу спортчу жубатуучу беттеште Вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн беттешке чыгат.

Белгилей кетсек, финалда Айсулуу Тыныбекова казак балбаны Ирина Кузнецова менен күч сынашат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх