Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду

Ал эми чечүүчү беттеште казак балбаны Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде утуп алды

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге эх болду! Бул тууралуу спорт департаментинин пресс-катчысы Айгерим Турдалиева билдирди.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүп, 1/8 финалдан баштаган. Алгач Таиланддык спортчу менен беттешип 14 секунд ичинде атаандашын жеңген.

Ал эми чейрек финалда Япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди. Кийин Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу спортчу жубатуучу беттеште Вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде утту.

Ал эми чечүүчү беттеште казак балбаны Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде утуп коло байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында 1-орунду ээлеген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх