Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Чечуүчү финалдык беттеште казак балбаны Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде утту

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу спорт департаментинин пресс-катчысы Айгерим турдалиева билдирди.

Спортчу 76 кг салмак даражасында беттешип, жалпы 4 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда спортчу Кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда Въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан.

Ал эми жарым финалда Тайбейлик атааншын 8:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Чечуүчү финалдык беттеште казак балбаны Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде утуп, Азия оюндарынын чемпиону болду!

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх