Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия оюндары: Нурзат Нуртаева финалга чыкты

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 до башталат

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу спорт департаментинин пресс-катчысы Айгерим Турдалиева билдирди.

Спортчу 68 кг салмак даражасында күч сынашып, ¼ финалдан баштаган.

Алгач Казакстандык Елена Шалыгинаны 7:8 эсебинде жеңсе, жарым финалда Монголиялык атаандашын утуп финалга чыкты.

Белгилей кетсек, финалдык беттеште Кытай балбаны менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 до башталат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх