Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медалга ээ болду

Ал чечүүчү беттеште Кытай балбанынан жеңилип калды

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу спорт департаментинин пресс-катчысы Айгерим Турдалиева билдирди.

Спортчу 68 кг салмак даражасында күч сынашып, ¼ финалдан баштаган. Алгач Казакстандык Елена Шалыгинаны 7:8 эсебинде жеңсе, жарым финалда Монголиялык атаандашын утуп финалга чыккан.

Ал эми чечүүчү беттеште Кытай балбанынан жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх