Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кенешинин депутаты: Эртең Албек Ибраимовду мэрлик кызматтан алышат

Бишкек шаардык кеңешинде шаардагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кезексиз сессия өткөрүлөт

Эртең Бишкек шаардык кенешинин депутаттары кезексиз жыйындын алкагында Бишкек мэри Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү маселесин карашат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына шаардык кеңештин депутаттарынын бири билдирди.

Анын айтымында, буга «Бишкек мэринин ишинин токтоп калгандыгы» себеп болду.

- Албек Ибраимовду эртең кызматтан алышат, - деди депутат. - Мериянын бардык иши токтоп калды. Бир вице-мэр камакта, дагы бири бир нерсе менен алык, ж.б. Бүгүн таптакыр түшүнүксүз кырдаал. Мэр болсо озунө өзү өргүү жазып алып, жок. Регламент боюнча, жок дегенде премьер-министрге бул тууралуу билдирип койсо болмок. Ошол эле регламент боюнча мэрдин милдетин биринчи вице-мэр аткарышы керек болчу. Анын ордуна ал мэрлик милдетти вице-мэр Бакытбек Дүйшембиевге дайындап кеткен. Алар болсо эч нерсеге кол койгусу, жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбейт. Ушунун баары азыркы мэрдин башкаруу жөндөмдүүлүгүн жоготуп койгондугун айгинелейт.

Эртең кезексиз сессия болоорун расмий түрдө билдире башташты.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх