«Азия Молл» соода борбору: Кыргызстанда Георгиев лентасын колдонууга расмий тыюу жок
Соода борборунун пресс-кызматы ал Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналып, илингендигин билдирди
Кыргызстанда Георгиев лентасын колдонууга расмий тыюу жок. Мындай жоопту борбордогу «Азия Молл» соода борборунун пресс-кызматы Vesti.kg сайтына билдирди.
- Георгиев лентасы - бул илгертен келаткан жеңиштин белгиси. Биз аны Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин баатырдыган таазим иретинде, алардын жаркын элесине арнап илгенбиз, - дешет алар.
Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg айрым кыргызстандыктар соода борбордо буга чейин шаардык бийлик тарабынан сунушталган кызыл-сары сызманын ордуна Георгиев лентасынын илинип турганын катуу сынга алышкан. Интернет колдонуучулардын ою бул боюнча экиге бөлүнгөн. Айрымдар аны «Улуу Жеңиштин символу» деп, төшүнө сыймык менен тагып келишсе, башкалар Георгиев лентасын «колонизациянын белгиси» дешип, аны ашыкча даңазалоонун кереги жок деген пикирди карманышат.
Медина Купсулдаева
Фото www
Окшош макалалар
- Баткенде аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты
- Кореядан үч кыргызстандык мекенине алынып келинди
- +100! 16-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 пайда болгондон бери эң жогорку көрсөткүч катталды
- Бабановдун жоргосу Чолпон-Атадагы ат чабышта биринчи келди (видео)
- Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги онкоборбордун жанына ким таштандыны ыргытып салганын териштирет (видео)