«Элге бооруң ооруйт». «Дзержинкадагы» китеп текчелерин талкалап, китептерин уурдап кетишти (сүрөт)
Шаардык китеп сүйүүчүлөргө орнотулган инсталляцияны мэрия кайра оңдобойт
Эркиндик бульварындагы жергиликтүү активисттер тарабынан атайын орнотулган китеп текчелердин абалы азыр зээн кейитерлик. Бул тууралуу социалдык тармактарда шаар тургуну Александр Казанцев билдирди.
Анын айтымында, ал «Окуган Эркиндик» долбооруна өз салымын кошуу үчүн үйүнөн жүздөй китеп алып барган.
«Жекшемби күнү бульварга барып, китептерди текчелерге коелук дегенбиз. Биз ал жерде ал жерде туш болгон көрүнүштү сүрөттөрдөн көрсөңөр болот. Бардыгы талкаланган. Кечээ болсо (дүйшөмбүдө) ал жерде сейилдеп жүрүп, кутуларда бир дагы китеп калбаганына күбө болдум! Бардыгын талап кетишиптир! Бирөө да калган эмес, алардын ордуна эч ким бир дагы китеп салып койбоптур! Китептерди эмес, элди аяйсың», деп ал өз билдирүүсүндө жазган.
Казанцев жарыялаган сүрөттөрдөн текчелердин айнектери сынып, кээ бирлери чымчыктын уясы катары колдонулуп жатканын көрүүгө болот.
Шаардык мэрия ал арада Vesti.kg сайтына инсталляцияны оңдоп-түзөбөй турганын билдирди.
- Алар активисттер тарабынан орнотулган жана шаардык мекемелердин балансында эмес, - деп муниципалитетте билдишти.
Эскерте кетсек, «Окуган Эркиндик» долбоору 2017-жылдын май айында иштей баштаган. Авторлордун ою боюнча китептерди каалаган адам алып, аны окуп бүткөн соң кайра ордуна коюп коймок.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Окшош макалалар
- Кореядан үч кыргызстандык мекенине алынып келинди
- +100! 16-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 пайда болгондон бери эң жогорку көрсөткүч катталды
- Бабановдун жоргосу Чолпон-Атадагы ат чабышта биринчи келди (видео)
- Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги онкоборбордун жанына ким таштандыны ыргытып салганын териштирет (видео)
- «Кыргызпочтасы» менен ЖКККБ айыппулдар жөнүндөгү билдирүүлөр дарегине «жетпей калышы» мүмкүн эмес дейт