Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орозо маалында жабык кафелер. Алардын ээлерин жазага тартуу керекпи?

Тажикстанда болсо коомдук тамактануу жайлары кечинде эмес күндүзгү саат 11ден баштап иштөөгө милдеттендирилди

Душанбеде Орозо айында күндүз иштебеген кафе-ресторан ээлери жазаланат. Бул тууралуу «Озоди» радиосу билдирди.

Тажикстандын борборуна келген туристтер улуттук ашкананын сунуштаган ресторандарды издешет. Өлкө бийлигинин административдик чараларды көрүү чечими мына ушундан..

Буга байланыштуу Душанбенин коомдук тамактануу жайлары күндүзгү саат 11:00дөн тарта иштөөгө тийиштиги белгиленди.

Белгилүү болгондой Бишкекте да Орозо айында айрым коомдук тамактануу жайлары күндүз иштебейт. Орозону белгилүү бир себептер менен кармабаган кээ бир бишкектиктерге бул жагдай ыңгайсыздык жаратпай койбойт.

Бирок, шаардык ресторандардын биринин ээси - Айжан Чыныбаеванин пикиринде бул үчүн бишкектик ишкерлерди жазалоонун кереги жок.

- Биринчиден, күндүз эшиктерин жаап, бул маалда ала турчу кирешесинен кур калуу -бул кожоюндун өз эрки, - деп ал Vesti.kg сайтына белгиледи. Бирок, Бишкектеги көпчүлүк мекемелер иштеп жатат. Бизде кандайдыр бир чара көрүүнүн кажети жок, анын үстүнө кардар дайыма тандоого ээ, эгерде бир кафе жабык болсо, жанында иштеп жаткан бешөө сөзсүз болот.

Бизнес-айымдын пикирине эксперт-теолог Кадыр Маликов дагы кошулду. Ал Vesti.kg сайтына Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысын көзөмөлдөө муктаждыгы жок экенин белгилеп өттү.

 - Кыргызстандагы бардык кафелер жеке менчик да, биз Тажикстан же Түрмөнстан эмеспиз, бизде дин эркиндиги көбүрөөк, - деи ал. Кыргызстанга келген туристтер барчу жайлар толтура. Бизде ресторандардын ээлерин арасында дин жолундагылар да бар, бул айда спирт ичимдиктерин деле сата бергендер бар.



Зулайка Эркимбаева

Фото www








Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх