Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эки миңден ашык бишкектиктер коомдук жайларда тамеки тарткандыгы үчүн айыпка жыгылды

Мындан түшкөн акча каражаты 2 миллион сомдон ашты

Үч ай аралыгында коомдук жайларда тамеки тарткан бишкектирге 2 222 000 сом айып пул салынган. Бул тууралуу борбор калаанын ИИБнин басма сөз адиси Улан Жумаков Vesti.kg сайтына билдирди.

- 4-марттан азыркы күнгө чейин 2 222 жаранга айып пул салынган, - деп милицияда билдиришти.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын январь айында Кыргызстанда Тартип бузуулар жөнүндө жаңы кодекс ишке кирип, анда коомдук жайларда тамеки тартуу, түкүрүү ж.б үчүн 5 500 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.

Бирок, административдик жазанын суммасы жарандардын нааразычылыгын туудуруп, буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 4-мартында өкмөт тарабынан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынган.

Эми жогоруда айтылган тартип бузуулар үчүн милиция кызматкерлери 1 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салышууда.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх