Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жол эрежелерин бузгандардын унааларын эвакуаторлор жүктөп кетпей калды. Иштечү эч ким жок

Жеке компания иштөөдөн баш тартты

Бишкекте жол эрежелерин бузган унааларды эвакуациялап келген жеке компания укук коргоочулар менен иштешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу ИИББнын Бишкек шаары боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Боенов Vesti.kg сайтына билдирди.

- Азыркы күндө эвакуация иштери жүргөн жок, - деп маалымдады ал. - Компания эмнеден баш тарткандыгы тууралуу менин кабарым жок, анткени алар ИИМнин алдындагы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына баш ийчү.

ИИМнин ЖЖККБ басма сөз кызматы азырынча компания качан жана эмне себептен иштешүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө жооп берише элек.

Ал ортодо бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында шаардык ЖКККБнын өкүлү эвакуаторлор унааларды жүктөп жатып, аларды мыйрыйтып же башка ушул өңдүү зыян келтирип алышып, кенемтелерин төлөп бергенден кийин иштөөдөн баш тартышканын айткан.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх