Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте азыркыга чейин көчөдө түкүргөн бир дагы жаранга айып пул салына элекпи?

Бишкек ИИБсы жаңы мыйзамдарга ылайык канча кишиге мындай тартип бузуу үчүн айып пул салынгандыгы тууралуу маалымат бере алган жок

Кыргызстанда 2019-жылдын март айынан баштап милиция кызматкерлери коомдук жайларда түкүргөндөргө айып пул салуу ыйгарым укугуна ээ болгон. Тартип бузуу жөнүндөгү кодекс тарабынан буга 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.

Vesti.kg Бишкек шаарынан ИИБне кайрылып, ушуга чейин көчөдө түкүргөнү үчүн канча шаар тургуну өз жазасын алгандыгын билүүгө аракет кылды. Бирок, шаардык милицияда бул тууралуу маалымат жок болуп чыкты.

Шаардык ИИБ редакцияга бардык РИИБнин кызматкерлери протоколдорун санап, маалымат чогултуп жатышканын маалымдап, бирок, бир күн өткөн соң да ошол бойдон так жоопту беришкен жок.

Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «маалымат изделип жана толукталып жатканын, азырынча ал даяр эместигин» билдиришти. - Жергиликтүү башкаруу органдары милицияга түзүлгөн протоколдору боюнча маалыматтарын жибериши керек эле.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2019-жылдын январь айында жаңы Тартип бузуу жөнүндөгү кодекс ишке кирип, анда коомдук жайларда түкүрүүгө 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.

Айып пулдун өлчөмү эл арасында чоң нааразычылыктарын пайда кылып, кийинчерээк айып пулдун суммасын 1000 сомго чейин азайтуу чечими кабыл алынган.к


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх