Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муфтият ифтарда Түркиянын элчиси менен чыр чыгып кетет деп ойлогон эмес (видео)

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси «Сапат» билим берүү мекемесинин президентин «террорист» деп, аны менен бир имаратта отуруудан баш тарткан

Кыргызстандын муфтияты 8-майда ооз ачар уюштурууда Түркиянын КРдагы элчиси менен «Сапат» билим берүү мекемесинин президентинин ортосунда чыр чыгып кетет деп ойлогон эмес. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев интернетте жакында тарап кеткен видеого ушундай түшүндүрмө берди.

- Ифтар 8-майда өткөн. Муфтият ыйык айда бардык мусулмандарды ооз ачарга чакырган. Ал жерде аксакалдар, энелер, жаштар, балдар - бардыгы болгон. Ал күнү Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен «Сапат» лицейлер тармагынын президентинин ортосунда бир аз түшүнбөстүктөр болуп кетти. Биз мындай болуп кетет деп ойлогон эмеспиз. Түркиянын элчиси ооз ачарга катышпай, ресторандан кетип калды. Азыр бардыгы жакшы, абал жөнгө салынган.

Тактай кетсек, социалдык тармактарда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси женгиз Камил Фыраттын ифтарга келип, ал жерден ооз ачарга кошо чакырылган«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны көрүп, ресторандан кетип калган. Элчи «террорист» (Женгиз Камил Фырат Орхан Инанды Түркияда террористтик деп саналган ФЕТО уюмунун мүчөсү деп эсептейт) менен бир жерде отурууну каалабастыгын айткан.

Түркия элчиси мындан ары КРнын муфтияты тууралуу эч нерсе уккусу келбегенин, Кыргызстанга 35 млн долларга жаңы мечит салып берген Түркия мамлекетинин элчисин террористтик уюмдун мүчөлөрү менен бир орунга коюшканын айтып нааразы болгон.

«Мен муну президентке билдирем», деп элчи анын аркасынан эмне болгонун билүүгө чыккан муфтий Максат ажы Токтомушевди кекеткен.

«Тандагыла - же Түркия же террорчулар», - деген Женгиз Камил Фырат.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх