Жалал-Абаддын чок ортосунда такси айдоочулары энеден туума жылаңач жаш жигитти камерага тартып алышкан (видео)
- 276 жолу кароо
Тасманын «каарманы» аны мазактагандарга арыз жазуудан баш тартты
Такси айдоочулары видеого тартып алган энеден туума жылаңач жаш жигит милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматында билдиришти.
Окуянын видеосу интернетке тарап кеткен: жабырлануучу Жалал-Абаддын борборунда жыпжалаңач турат, жанында чогулган эркек адамдар аны тилдеп, энеден туума бойдон унаадан түртүп чыгарышкан.
- Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жайылган видеого байланыштуу текшерүү иштери башталды, - деп милицияда маалымдашты. -Тасманын автору жана баланын өзүнүн аты-жөнү такталды. Ал эмнеге жылаңач турганын жана такси айдоочулары менен эмне болгонун түшүндүрүүдөн баш тартты.
Аймактык ИИБ, окуя үстүбүздөгү жылдын 10-майында болуп өткөнүн тактады.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Окшош макалалар
- Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги онкоборбордун жанына ким таштандыны ыргытып салганын териштирет (видео)
- «Кыргызпочтасы» менен ЖКККБ айыппулдар жөнүндөгү билдирүүлөр дарегине «жетпей калышы» мүмкүн эмес дейт
- Ала-Тоо аянтындагы асфальтты чиймелеп кеткен «азамат» жазуусун өчүрүп, кечирим сураганга даяр
- УЕФА чемпиондор лигасынын гимни кыргыз музыкалык аспаптарынын коштоосунда жаңырды(видео)
- «Балким, ачкыч бергендир». ЖКККБ паракорлукка шектелип жаткан автоинспектор туурасында (видео)