«КТ Мобайл» башкы директорунун 350 миң сом айлык алаары туурасындагы маалыматты четке какты
«Кыргызтелеком» интернетте тараган документтеги маалыматты текшерүүдө
«КТ Мобайл» башкы директорунун 350 миң сом айлык алаары туурасындагы маалыматты четке какты. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААКнун коммерциялык директору Эмиль Акматов Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди.
- Биз азыр бул боюнча өзүбүз териштирип жатабыз, - деди ал. - Социалдык тармактардан бул маалыматты көрдүк. «КТ Мобайл» «Кыргызтелекомдун» алдында негизделген ишкана. Биз ишканадагылар менен сүйлөштүк, алар бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айтышты. Азыр биз бул маалыматты кагаз жүзүндө көрүү үчүн алардын штаттык күндөлүгүн күтүп жатабыз. Кийинчерээк түшүндүрмө бере алабыз.
Тактай кетсек, социалдык тармактарда «Кыргызтелекомдун» алдында негизделген «КТ Мобайл» ишканасынын жетекчилиги менен кызматчыларынын эмгек акылары туурасында маалымат тарап кеткен. Бул маалыматтарда башкы директору Нурбек Мукамбектовдун 350 миң, анын орун басары Эрназар Рысалиевдин 300 миң, ал эми компаниянын техникалык директору Николай Дмитриенконун 290 миң сом эмгек акы алары жазылган.
Медина Купсулдаева
Фото www
Окшош макалалар
- Баткенде аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты
- Кореядан үч кыргызстандык мекенине алынып келинди
- +100! 16-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 пайда болгондон бери эң жогорку көрсөткүч катталды
- Бабановдун жоргосу Чолпон-Атадагы ат чабышта биринчи келди (видео)
- Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги онкоборбордун жанына ким таштандыны ыргытып салганын териштирет (видео)