Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ИИМнин каттоосунан кантип алынат?

Маалыматтарга ылайык, криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү көбүнчө бизнеске кетишет же болбосо айыл чарбачылыгы менен алектенишет

Кыргызстандын ИИМнин атайын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топторго катыштыгы бар делген 1 миң 35 киши турат. Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына берген маегинде ИИМнин криминалдык милициясынын башчысынын орун басары, бул мекеменин 3-башкармалыгын жетектеп турган Азамат Токтоналиев билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн саны жылдан жылга азайып жатканын айткан эле.

Азамат Токтоналиев өз кезегинде криминалдык топтордо турган жарандардын тизмеси кандай жол менен кыскараарын түшүндүрдү.

- Атайын каттоодон чыгаруу боюнча бир нече критерий бар, каза болгондор да тизмеден чыгат. Биз ар бир кылмыштуу топтун мүчөсүнө байкоо жүргүзүп турабыз. Эгерде ал 3 жыл бою башка кримдүйнөнүн өкүлдөрү менен катташпаса, анда ал каттоодон чыгарылат.

ИИМнин КМКны башчысынын орун басарынын айтымында түрмөдө жаза өтөп жаткандар атайын каттоонун тизмесинде кала беришет.

- Азыркы күндө уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар 161 адам жаза өтөөдө, - деп ал кошумчалады.

Токтоналиевдин сөзү боюнча, кримдүйнөнүн өкүлдөрү менен байланышын үзгөн жарандар көбүнчө бизнеске кетишет.

- Кээ бирлери үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетишет, башкалары айыл чарбасы же бизнес менен алектенүүгө өтүшөт, - деп жыйынтыктады ал.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх