Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын гимниндеги ката. Кыргыз билим берүү академиясынын жообу

 КББА күнөөнү билимсиз корректорлорго жүктөдү

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти жакын арада окуу китептери кынтыксыз чыга баштайт деп ишендирди

Ката келтирилген окуу китептери Кыргыз билим берүү академиясында тыкыр текшерилүүдөн өтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин вице-президенти Улан Мамбетакунов Vesti.kg менен болгон маегинде билдирди.


- Кыскасы, орус тилдүү мектептер үчүн кыргыз тил окуу китебинде чынында эле каталар кетип калган, - дейт ал. - Бул басмаканаларда кесипкөй корректорлордун жоктугунан келип чыгып жатат. Кыргыз билим берүү академиясында бул окуу китептери азыр тышкы эксперттердин жардамы менен тыкыр экспертизадан өтүүдө. Жакын арада окуу китептери катасыз басылып чыгат.

Өз кезегинде КББАнын адиси Сулайман Рысбаев окуу китебинин форзацында келтирилген ката үчүн басмакана жооптуу экенин белгиледи.

- Окуу китебинин форзацында келтирилген каталар үчүн Кыргыз билим берүү академиясы жооп бербейт, - деди ал. - Биз китептин окуу программасына ылайык жазылган мазмуну жөнүндө гана айта алабыз. Буга болсо китепти басып чыгарган басмакана жооп бериши керек.

Тактай кетсек, жакында эле Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары ката менен жазылган окуу китептеринин сүрөттөрүн жарыялап, катуу сынга алышкан. Мисалга, китептердин биринин форзацында жазылган Кыргыз Республикасынын гимниндеги айрым саптар кайдан алынганы түшүнүксүз.. 3-класс үчүн кыргыз тили китебинде болсо «ооз комуз» кыргыз улуттук музыкалык аспабынын ордуна «оор комуз» деп жазылып калган.

Каталар кыргыз тилинен башка окуу китептеринде да табылган. Мисалы, 7-класс үчүн орус тил китебинде «знаменатель» ордуна «знаменитель» деп жазылып калган.

Эскерте кетсек, кыргызстандыктар мектептеги окуу китептеринин сапатына буга чейин да арызданып келишкен. Ачууланган фейсбукчулар: «Ар бир барагында ката!», «Уят. Мындай автор же редакторлордун китептери менен кантип билим аласың» деген пикирлерин калтырышууда.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх