Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда алкоголдук компаниялардын логотиптери бар кепка жана футболкаларды таратууга тыюу салынышы мүмкүн

 Алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоого чектөөлөрдү киргизүү пландаштырылууда. Мындан ичкен жарандардын саны азайып калбайт деген ойлор айтылууда

Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоо татаалдайт. Бүгүн Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасындагы документти биринчи окууда карайт."

Спирт ичимдиктерин сырткы жарнамалар менен интернетте эле эмес,эгерде көрүүчүлөр жаш курагына жеткендер менен гана чектелбесе, анда тасмалар көрсөтүлүп жаткан убакытта, ага чейин же андан кийин дагы мындай жарнамага тыюу салуу сунушталууда.

Муну менен бирге документте продуктту жаш балдардардын болушу мүмкүн болгон коомдук жайларда дегустация кылууга, ошондой эле спир ичимдерин өндүргөн компаниялардын логотиптери менен баш кийимдерди, футболкаларды бекер таратууга да тыюу салат.

Мындан сырткары, компаниялар өндүрүүчүлөрдүн товардык белги, аты же сүрөтүн колдонуу менен жашы жете элек жарандарга арналган иш-чараларга демөөрчү боло алышпайт.

Мындай чектөөлөр адатта калк арасында алкоголдук ичимдиктерди колдонуу деңгээлин азайтуу үчүн киргизилип келет. Бирок, Базар, ишканалар же тейлөө тармактары ассоциясынын президенти, эксперт-экономист Сергей Пономарев бул чараларды натыйжасыз деп эсептейт.

- Менимче, бул чара сатыктын көлөмүнө чоң таасирин тийгизбейт, - деп белгиледи эксперт. Анткени, көп ичкен адамдарды бул токтотпойт. Майрамдарда гана бир аз ичкен кишилер деле мындан кийин спирт ичимдерин сатып ала беришет. Бирок. мындай чаралар пиво же башка ичимдиктердин өндүрүүчүлөрүнө же дистрибьюторлоруна тейлөө көрсөтүп келген компаниялардын ишине таасир этиши мүмкүн.
Ошондой эле, алкоголдук продукцияны радио жана ТВ каналдарда жана басылмалардын биринчи жана акыркы барактарында жарнамалоого таңкы 7:00дөн 24:00гө чейин тыюу салынат.

Пономарев өлкөдө алкоголду жарнамалоого тыюу салуу менен кошо сергек жашоо образын да үндөөнү унутпаш керектигин да кошумчалады.

- Тыюу салуу күтүлгөндөй майнап деле алып келбейт, - деп белгиледи ал. Сергек жашоону заманбап тренд катары көрсөтүүгө багытталган жигердүү иш-аракеттер керек. Ошондо гана кандайдыр-бир жыйынтыкты көрүшүбүз мүмкүн.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх