Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туризм департаменти кыргызстандыктарды көчө белгилери үчүн акча чогултууну сунуштоодо

Эл өкүлү Махабат Мавлянова краудфандинг өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө жардам бере алабы-жокпу туурасына өз пикири менен бөлүштү

КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти өлкө боюнча көчө белгилерин орнотууга краудфандинг жарыялады.

Каражат чогултуу башталганын Facebook социалдык тармагында мекеменин директору Максат Дамир уулу билдирди.
Анын айтымында долбоордун максаты - 10 миллион сом чогултуп, аны Кыргызстандын негизги туристтик багыттарына жол көрсөткөн 200дөн ашык туристтик көрсөткүчтөрдү орнотуу.

«2019-жылдын 18-майынан баштап 20-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин атайын эсептик счетунда акча каражатын чогултуу жүргүзүлөт. Чогулган акчага бул көрсөткүчтөрдү даярдап, орнотуу иштери жүрмөкчү. Атайын ушул максатта ачылган Facebook баракчасында биз ар бир коротулган сомдун эсебин банк эсебинин көчүрмөлөрү менен чыгарып, акча каражаттары кандайча сарпталып жатканын көрсөтүп турабыз. Бардыгы ачык-айкын болот», - деди ал.

Максат Дамир уулу төлөмдөр 1 сомдон чексиз болушу мүмкүн экендигин да кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавляновага краудфандинг тууралуу идея жакканын, бирок, өлкөдө туризмди бир эле белгилер менен өнүктүрүү мүмкүн эместигин айтып өттү.

- Жакшы демилге, - деди ал Vesti.kg менен болгон маегинде. - Кыргыздарда илгертеден ашар салты сактап келген. Бирок, көрсөткүчтөрдү илип коюп, биз көйгөйдү чечпейбиз. Негизи, туризмди өнүктүрүү маселесин премьер-министрдин деңгээлинде чечүү зарыл, анткени, бул жерде жерди трансформациялоо жана башка уруксат берүүчү документтер жөнүндө суроолор келип чыгат.

Эл өкүлү Кыргызстандын туристтик аймактарында жагымдуу инфраструктураны камсыз кылуу керектигин белгиледи.

- Биз генплан түзүп, бул тармак анан ага ылайык өнүгүү жолуна түшүшү керек, - деп кошумчалады Мавлянова. - Мен буга чейин жыйындарда Ысык-Көлдөн башка да аймактарды түзүшүбүз керек деп айтып келгем. Биринчи кезекте жерлерди трансформациялап, жаңы туристтик борборлорду курууга уруксат бериш керек. Египетте мисалы ушундай болгон, мейманкана, көңүл ачуучу борборлорду курушуп, туристтердин санын көбөйтүшкөн.


Акча каражатын которуу үчүн маалымат:
Банк: Борбордук казыналык
Алуу: Департамент туризма при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики
БИК: 440001
Счет: 4402011103022720

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх