Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын тургундарын жергиликтүү мейманканын «обу жок» англисче аты кыжырдантты (сүрөт)

Түштүк борбордун мэриясы мекеме мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын шайкештигине текшерилээрин билдиришти

Ош шаарынын жашоочулары 70 жыл мурда курулган жергиликтүү мейманканын атынын өзгөртүлүшүнө кыжырданууда. Маалым болгондой, буга чейин мейманкана «Алай» деп аталган. Эми болсо анын аты - «Osh Grand Hotel Chavo». Түштүк борбордун тургундары мекемеге чет элдик аттын берилишин сынга алышууда.

«Бул жарым кылымдан бери турган эстелик. 70 жыл мурда курулган мейманкана. Анын аты илгертен «Алай» болчу, эми аны «Osh Grand Hotel Chavo» дешибиз керек имиш. Эмнеге тарыхий имаратка мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды бузуу менен чет тилдеги аталышты беришет?», - дейт Facebook социалдык түйүнүнүн нааразы колдонуучулары.

Vesti.kg бул боюнча Ош шаарынын мэриясына кайрылды.

- Мэриянын алдында бардык көрнөктөрдү, мекемелердин аталыштардын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын эрежелерине төп келээрин текшерген тийиштүү комиссия бар, - дешти мэриянын басма сөз кызматында. - Мэрия аталган комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырма берди. Ош шаарынын МКБ мекеменин аталышынын документтерин текшерет.

 

 


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх