Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу мейманкана англис тилиндеги аталышынан жакында айрылып калышы мүмкүн

 Мейманкананын администрациясы үч күндүн ичинде уруксат документтерин көрсөтүшү керек

Оштогу «Osh Grand Hotel Chavo» мейманканасынын өкүлдөрү үч күндүн ичинде имараттын аталышы жазылган көрнөктү жайгаштырууга тийиштүү документтерди 3 күндүн ичинде көрсөтүү боюнча эскертүү алышты. Болбосо мэриянын муниципалдык мүлк кызматы мейманкананын чет тилдеги аталышын алып салат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк калаанын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жарнама жана дизайн бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Талант Ташиев маалымдады.

- Аталган мейманканага 17-май күнү имараттын аталышы жазылган көрнөктү орнотуудан мурда уруксат документтерин алуу керектиги туурасындагы эскертме берилди, - деди ал. Бул документтер Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан дагы жактырылышы керек. Текшерүүнүн жыйынтыгында мейманканыны өкүлдөрү тийиштүү документтерге ээ болбогондугу аныкталды. Аларга үч күндүн ичинде же керектүү документтерди алуу же уруксат алгычакты чет тилдеги аталышы бар көрнөктү алып салуу боюнча эскертүү берилди. Эгерде белгиленген мөөнөткө документтердикөрсөтүшпөсө, анда Ош мэриясынын ММКсы тарабынан көрнөк алынып салынат.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg Ош шаарынын жашоочулары 70 жыл мурда курулган «Алай» мейманканасынын аты чет тилдеги обу жок аталышка өзгөртүлгөнүнө нааразы болуп жатышканын жазган эле.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх