Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго «кара көлөч» ыйгаруу сунуштары түшүүдө
Депутаттар Кыргызстанда аткезчилик болушунча кулач жайып жатса, көзөмөл органынын башчысы парламентке келбей жатканына нааразы болушууда
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын базарларында аткезчилик жолу менен кирген товарлардын көлөмүнүн көбөйүп жатканына байланыштуу мамлекеттик саат өткөрүүнү сунушташты.
Паламент өкүлдөрүнүн маалыматтарына ылайык, мыйзамсыз товар өлкө аймагынан да сыртка чыгып, мындан мамлекеттик бюджет жапа чегүүдө.
- Орусиялык телеканалдар да Кыргызстандан контрабанда келип жатканын айтып башташты, - деди депутат Ирина Карамушкина. - Шерменде болгонубуз да бул. Башкы прокурор кана? Жогорку Кеңештин V чакырылышында көзөмөл органынын башчысы ар бир депутаттын билдирүүсүнө бул жерде отуруп, жооп берчү. Биз Өткүрбек Жамшитовду эч көрбөйбүз. Ага да «Кара көлөч» антисыйлыгын бериш керек.
ЖКнын спикери Дастан Джумабеков кесиптештерин аткезчилик маселеси профилдик комитетте каралат деп ишендирди.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Окшош макалалар
- Кореядан үч кыргызстандык мекенине алынып келинди
- +100! 16-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 пайда болгондон бери эң жогорку көрсөткүч катталды
- Бабановдун жоргосу Чолпон-Атадагы ат чабышта биринчи келди (видео)
- Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги онкоборбордун жанына ким таштандыны ыргытып салганын териштирет (видео)
- «Кыргызпочтасы» менен ЖКККБ айыппулдар жөнүндөгү билдирүүлөр дарегине «жетпей калышы» мүмкүн эмес дейт