Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда диний окуу жайларына дүйнөбий илимдерди да окутуу талабы коюлушу мүмкүн

 Муфтийдин орун басары диний окуу жайларда окуган жаштар азыр деле ар кандай китептерди окушат дейт

Кыргызстанда жаштарга диний билим алууга умтулбагыдай шарттарды түзүү керек, бирок, бул багыт азыр аларда популярдуу болгондуктан, көзөмөл керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына билим берүү тармагы боюнча серепчи, профессор Айнура Арзыматова билдирди.

- Албетте, диний окуу жайларда дүйнөбий илимдерди дагы киргизүү туура, жалгыз теология менен чектелбеш керек, - деди ал. - Жаштар мындай билим берүү мекемелерине окуганы барып жаткан соң, демек мамлекет ал жерде кандай билим берилип жатканын көзөмөлдөшү керек. Бул жерде бизде дин мамлекеттен бөлүнүп тургандыгы негизги көйгөй. Билим берүү министрлиги медреселердин үстүнөн көзөмөл кылуу вазийпасына ээ эмес. Мындай шартта тең салмактуулукту, балансты издеш керек.

Айнура Атыгаевнанын ою боюнча диний окуу жайларынын санын көбөйтпөгөнгө умтулуу зарыл.

- Бул процесстер экономикалык абал жана мамлекеттик башкаруучулукка байланыштуу экени түшүнүктүү, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок, биздин өлкөдө дин, маданият, экономика - бардыгы өзү менен өзү. Биздин жаштар аларга эмне керек экендигин түшүнбөйт. Бул кооптуу.

Тактай кетсек, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Кыргыз Республикасында диний билим берүү тартиби туурасындагы жобону бекитүү» өкмөттүн мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Документте башка жагдайлар менен кошо бардык диний окуу жайларында милдеттүү түрдө светтик илимдерди дагы окутуу талабын киргизүү сунушталат.

«Орто диний окуу жайларынын программасы жалпы билим берүүчү предметтердин минималдуу милдеттүү топтомун камтып, алар төмөнкүдөй 5 дисциплинадан турууга тийиш: «Кыргызстандын тарыхы», «Адам жана коом», «Диндердин тарыхы», «Кыргыз тили», «Кыргыз адабияты», - деп белгиленген жободо. - Жалпы билим берүү дисциплиналардын мазмуну дин жана билим берүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын бирдиктүү буйругу менен бекитилиши керек.Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттүү жалпы билим берүү дисциплиналарын окуу программына кошуу жана мыйзам тарабынан белгиленген талаптарга жооп берчү мугалимдерди тартууга жоопкерчилик тийиштүү Орто диний окуу жайларына жүктөлөт».

Жогорку диний окуу жайларда сабактардын саны көбүрөөк: «Кыргызстандын тарыхы», «Жаран таануу», «Дин таануу», «Кыргыз тили», «Орус/чет тили, «География», «Социология», «Дүйнөлүк тарых», «Психология жана педагогика», «Маалымат технологиялары».

Өз кезегинде Кыргызстан муфтийинин орун басары Акимжан Эргешов Vesti.kg менен болгон маегинде бул маселе биринчи эле ирет көтөрүлүп жатпаганын белгиледи.

- Азыркы мыйзамдарга ылайык кыргызстандыктар диний окуу жайларына орто же жалпы билим алгандан кийин гана тапшыра алышат, - деп эскертти ал. - Бул диний мектептерге окуган улан-кыздар дүйнөбий сабактардан артта эмес дегенди түшүндүрөт, - алардын бардыгы мамлекеттик мектептин бүтүрүүчүлөрү. Алар дин кызматкери гана болуу үчүн эле ал жакка барышпайт. Жаштар болгону диндин баалулуктары жөнүндө маалымат алгылары келет. Муну, алар бул маалыматты мектептен же үй-бүлөсүнөн ала албагынан десек болот.

Эргешов Орто диний окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү кесип алыш үчүн светтик вуздарга тапшыраарын кошумчалады.

- Жаштар диний окуу жайларда билим алып жатканында корко турган эч нерсе жок, - деп баса белгиледи ал. Ал жерде да жашоого керектүү билимдер берилет. Мисалы, география же тарых окутулат. Бирок, кээ бир адамдар, диний мектептердин окуучулары динден башка эчтеке окушпайт деген ойдо. Бул андай эмес.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх