Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаныш Бакиевдин уулу Москвадагы ифтарда сөз сүйлөдү (видео)

 «Көптөгөн кыргызстандыктар Курманбек Салиевичтин келе жаткан 70-жылдык мааракеси жөнүндө айтып, ага куттуктоолорун билдиришти»

Орусиянын борбор калаасында 25-май күнү мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин атынан ооз ачар болуп, анда анын иниси - Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өлкөдөн качып кеткен президенттин санаалашы Аскат Тейит билдирди.

- 25-майда Москвада, 26сында Екатеринбургда Курманбек Салиевичтин атынан ооз ачар уюштурдук, - деди ал. Борбор калаада өткөн ооз ачарга 500дөй киши келди. Екатеринбургдагы ифтарда 1000ге жакын мекендештерибиз катышты. Иш-чарада Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев сөз сүйлөдү. Ал көптөгөн кыргызстандыктардын Курманбек Салиевичтин келе жаткан 70 жаш юбилейине куттуктоо билдиришкенине таң калды. «Кандай болбосун мекенде, чет жерде жашап жаткан биздин жарандар биримдикте жашашсын. Бул ыйык айда ар бир үйгө бакубаттуулук каалайм», - деди Асылбек Салиев.

Эскерте кетсек, жакында эле Vesti.kg Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарларында ооз ачар өткөргөнүн маалымдаган.


Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх