Акыркы коңгуроодо биринчи класстын окуучусу асманга жансыз көгүчкөн ыргытып жиберди(видео)
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги бул үйрөй учурган окуя кайда болгонун тактап жатат
Мектептердин биринде акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү маалында болуп өткөн окуя социалдык тармактардын колдонуучуларынын үрөйүн учурууда. Окуя так кайсы жерде болгону азырынча белгисиз. Анда биринчи класстын кичинекей окуучу кызы колундагы көгүчкөндү асманга учурууга аракет кылып, бирок куш талп этип дароо жерге кулап түшкөн. Көрсө жаш кыз аны учурууга аракет кылган маалда эле өлүп калган болчу экен.
Бул окуучулардын мугалимдерге даярдаган күтүүсүз белеги болчу сыңары. Чоң белек кутучасынан кубанган биринчи класстын окуучусу чыга калып, асманга көгүчкөн учурмак. Белек чынында эле бардыгына күтүүсүз болду...
Публикацияга пикир калтыргандар окуучу кыз кушту кутуда отурган маалда кокустан өлтүрүп алса керек деп божомолдошууда.
Ал ортодо, Vesti.kg Билим берүү министрлигине бул окуя боюнча пикирин угууга кайрылып, алар тарабынан азыр видео так кайсы жерде тартылганын тактоо иштери жүрүп жатканын биле алды.
Фото www
Окшош макалалар
- Кореядан үч кыргызстандык мекенине алынып келинди
- +100! 16-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 пайда болгондон бери эң жогорку көрсөткүч катталды
- Бабановдун жоргосу Чолпон-Атадагы ат чабышта биринчи келди (видео)
- Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги онкоборбордун жанына ким таштандыны ыргытып салганын териштирет (видео)
- «Кыргызпочтасы» менен ЖКККБ айыппулдар жөнүндөгү билдирүүлөр дарегине «жетпей калышы» мүмкүн эмес дейт