Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Шыгаев чындыкты айтпайт деп корком». Сүрөтчүлөр көркөм музейинин директорун ачык сүйлөшүүгө чакырышууда

 Таалайбек Усубалиев анын кесиптештеринин Юристанбек Шыгаевге көп суроолору бар экенин билдирди

Азырынча Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин учурдагы директору Юристанбек Шыгаевдин иш-аракеттерине баа берүү үчүн жакын арада ата мекендик залкар сүрөтчүлөр бир арага чогулмакчы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев билдирди.

- Жакында биз кесиптешибиздин иш-аракеттерине баа берүү үчүн сүрөтчүлөр болуп чогулмакчыбыз, - деди ал. Ал жерге Юристанбек Шыгаев дагы келет. Ал, анын үстүнө өзү муну каалаган. Кесиптештер көркөм музейинин директору кантип ушундайга барды түшүнө албай турат. Аны буга ким түрттү? Ал өзү туудуруп жаткан ар кандай божомолдор жүрүүдө. Биз бардык суроолорду өзүнө берелик деп турабыз. Чындыкты айтып берсин. Айтпайт го деп коркуп турам. Ар кайсы интервьюларда ал өзү сүрөтчү экенин гана эскертүүдө. Бирок, ал ошол эле маалда 10 жылдан көп убакыттан бери иштеген музейдин директору да. Ал катардагы сүрөтчү эмес. Ал көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Мыйзам бузуу фактысы бар. Биздин суроолорубузга андан башка эч ким жооп бере албайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg редакцияга өз булактардан Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейдин сүрөттөрү менен кандайдыр-бир махинация кылгандыгы туурасында маалымат келип түшкөн. Такталбаган маалымат боюнча сөз музейден эмгектердин түп нускасын чыгарып, алардын ордуна көчүрмөлөрдү коюп коюу аракети жөнүндө болушу мүмкүн.

Шыгаев өзү Vesti.kg сайтына буга чейин ал чынында эле Николай Сверчковдун «Жылкы менен ит» эмгегин «классиканы изилдөө» үчүн сканерден өткөргөнүн тастыктаган.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов Vesti.kg сайтына ал бул окуя туурасында кабардар экенин айткан. Муну менен бирге ал жагдайдын бардыгын текшерүү максатында атайын комиссия түзөнүн белгилеген.

Кийинчерээк көркөм музейинде Юристанбек Шыгаев эмгек өргүүсүнө чыгып, андан кийин кызматтан кетүү туурасында арыз жазганын маалымдашкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх