Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орозо маалындагы балдардын кайырчылыгы Кыргызстандын муфтиятында дагы талкууга алынды

Муфтийдин орун басары жаш балдарга кафе-ресторандардын оозунда жарамазан ырдоо жакшы эместигин түшүндүрүүгө чакырат

Кыргызстанды өсүп келе жаткан муунуна ыйык Орозо айында жеңил акча табуу жакшы эмес экенин түшүндүрүү зарыл. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын муфтийинин орун басары Акимжан Эргешов билдирди.

- Жарамазандын чыныгы мааниси - адамдарга ыйык айдын башталышы жөнүндө кабар берүү, - деди ал. - Мурда азыркыдай интернет, телеберүү, радио жок кезде карыялар орозонун биринчи күнүндө балдарды айылды түрө кыдырып, ыйык айдын башталгандыгын айтып чыгууну суранышчу. Азыр болсо биздин кичинекей балдарыбыз жарамазанды орозонун башынан аягына чейин айтышат. Бул туура эмес. Биздин эл балдардын ырдаганына түз көз карашта. Бирок, аша чаппаш керек. Балдар азыр супермаркет, ресторан жана кафелердин алдына туруп алып ырдап жатышпайбы. Биз жаш муунга бул туура эмес экенин түшүндүрүшүбүз керек. Антпесе алар ушундай жол менен жеңил акча тапканга көнүп алышат.  

Профессор, тарыхчы-саясат таануучу Айнура Арзыматова өз кезегинде жарамазан айткан балдарды түшүнсө болот дейт.

- Мурда балдар бата алыш үчүн жарамазан айтышчу, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Мааниси да терең болчу. Азыр болсо бул кадимки кайырчылыкка айланып бара жатат. Балдар жарамазан айтып, акча алгылары келет. Эгерде акча эмес, үйдө болгон бир продуктуну берсең алышпайт. Акча сурашат, бул да бизнестин бир түрү боулп жатпайбы. Биздин жаш муун тырмактайынан ушуга көнүп жатат. Бул абдан начар нерсе. Бизде экономиканын деңгээли төмөн да. Мүмкүн кээ бир ата-энелер балдарын атайын акча табуу үчүн жиберип жатат? Бир жагынан алганда, аларды деле түшүнүүгө болот. Алар ушундай жол менен тамак-ашка акча табалык деп жатышат. Башка жагынан - тарбиялык мааниси. Бул балдар кийин кайырчы, өзүн өзү бага албаган адамдар болуп чоңоюшу мүмкүн.

Тактай кетсек, жакында эле КТРКнын экс-гендиректору Илим Карыпбеков өз Twitter-аккаунтунда азыр жарамазандын маани-маңызы өзгөрүп кеткенин  жазган эле. Анын айтымында мурда балдар жарамазанды аруу ниет менен бата алыш үчүн айтышчу. Азыр болсо, Карыпбеков белгилегендей, бул кадимки кайырчылыкка айланып кетти.



Медина Купсулдаева

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх