Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Балким, ачкыч бергендир». ЖКККБ паракорлукка шектелип жаткан автоинспектор туурасында (видео)

Милиция эгерде кесиптешинин айыбы далилдене турган болсо, сөзсүз чара көрүшөрүн убадалашты

Кыргызстанда жол кайгуул кызматкерлерине айдоочулар кол алышуу аркылуу пара беришкени эч кимге деле сыр болбосо керек. Балким, ушундай мисалдын бири күбөлөрдүн видеосуна түшүп калган.

Жарандык активист Болот Ибрагимов мындай видеотасманы социалдык тармакка жакында жарыялаган.

Анда айдоочу автоинспектордун кызматтык автоунаасына басып келгенин көрүүгө болот. Көпкө созулбаган баарлашуудан соң ал чөнтөгүнөн кандайдыр-бир нерсе алып чыгып, инспектордун колуна берет.

Колдонуучулар милиция кызматкери пара алган дешүүдө.

 

Ал ортодо ИИМнин ЖКККБнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына ал ачкыч же башка бир нерсе болушу мүмкүн деп билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматы Тилек Исаев бул факт боюнча текшерүү болоорун кошумчалады.

 

- Ачкыч берген болушу мүмкүн, биз муну, бирок текшеребиз. Эгерде пара алганы далилденсе, анда кызматкерге чаралар көрүлөт - деди Исаев.



Зулайка Эркимбаева

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх