Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УЕФА чемпиондор лигасынын гимни кыргыз музыкалык аспаптарынын коштоосунда жаңырды(видео)

Футбол сүйүүчүлөрүн бүткүл дүйнөгө белгилүү обонду мындай аткарылышта угуу өзгөчө кубанычка бөлөдү

Ата мекендик «Мурас» ансамбли УЕФА чемпиондор лигасынын гимнин кыргыз улуттук музыкалык аспаптары менен аткарды.

Тийиштүү видео социалдык тармактарда жакынкы эле күндөрү жарыяланып, тез эле колдонуучулардын купулуна толо баштаган.

Интернет колдоонучулары тасманы бири-бирине байма-бай жиберип эле тим болбостон, Инстаграмдагы публикациянын астына УЕФА чемпиондор лигасынынн расмий аккаунтун дагы белгилешүүдө.

Музыканттар бул тасма англиялык эки -Ливерпуль жана Тоттенхем командалары беттеше турган Чемпиондор лигасынын финалдык оюнуна карата бардык футбол сүйүүчүлөрүнө алардын берген белеги экендигин белгилешти.

 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх