Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Тоо аянтындагы асфальтты чиймелеп кеткен «азамат» жазуусун өчүрүп, кечирим сураганга даяр

 Ээнбаштыкты ал ойлонбой кылып алганын айтып берди

Жаш жигит Vesti.kg сайтына асфальтты ойлонбой туруп, акылсыздык менен чиймелеп кеткенин билдирди.

- Мен муну кара ниеттик менен жасаган жокмун, жаман оюм жок болчу, - деди ээнбаштыктын «ээси». Мэрия менен байланышып, «Ала-Тоо» аянтын тазалоо иштерине жардам берейин деп сүйлөштүм.

"Тазалык" ишканасы анын сөзүн тастыктады.

- Биз ал бала менен байланыштык, ал кечирим сурап, биздин кызматкерлер менен кошо борбордук аянтты тазалаганга даяр экенин айтты, - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматкери Жибек Каракеева.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаардык мэриясы асфальта социалдык тармактагы жеке аккаунтунун атын жазып кеткен белгисиз адамды табууга жардам сураган билдирүүсүн тараткан эле.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх