Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үч адамдын өлүмүнө шектелип камалган жаран УКМКнын мурдагы кызматкериби?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган А.Ч.К. аталган мекеменин мурдагы кызматкери экенин тастыктады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин иштеген. Белгилей кетсек, аталган кызмат 2010-жылы жоюлуп, УКМКга түзүмдүк бөлүм катары киргизилген. Шектүү 2021-жылы пенсияга кеткенине байланыштуу 2021-жылы кызматтан бошотулган. Аскердик наамы — майор. Жогорку Кеңештин имаратын кайтарып иштегени да айтылды.

Анын 2019-жылы аскердик кармаш урушу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утканы белгилүү. Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталган.

Социалдык тармактардагы маалыматтарга ылайык, шектүү Кыргызстандын "Дене тарбия жана спортунун мыктысы" төш белгисинин ээси. Аскердик кармаш урушу жана өзүн-өзү коргоо федерациясынын башкы машыктыруучусу. Кармашып урушуу боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери. Эл аралык категориядагы калыс. Кыргызстанда эл аралык турнирлерди уюштуруп келген.

Кармашып урушуу боюнча окуу куралдарын жана патриоттуулук туурасында китептерди чыгарган, мекен, сүйүү темаларында ырларды жазып жарыялап жүргөн.

Кылмышка шектелген А.Ч.К. Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган, 37 жашта, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында юриспруденция факультетин, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Мамлекеттик башкаруу жана саясат факультетин аяктаган.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу кабар келип түшкөн. Милициянын тергөө ыкчам тобу кароо жүргүзүп, аталган даректе үч кишинин сөөгү табылган. Алар энеси, кызы жана уулу экени, алардын денесине оор залал келтирилгени аныкталган. Кароо учурунда адамдардын манжа тагы, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну А.Ч.К. кармалган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх