Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Класска күчүк алып келген окуучуну тилдеген мугалим коомчулуктан кечирим сурады

Анын айтымында, ал эмоцияга алдырып, баланы тартипке чакыруу максатында урушкан

Социалдык тармактарда класска күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимдин коомчулуктан кечирим сураган видеосу тарады.

"Мындай көрунүштөр көп эле болуп келген. Ошондуктан баланы тартипке чакыруу максатында жакшы эле ойдо урушкам. Эмоцияга алдырганым үчүн коомчулуктан кечирим сурайм", - деген ал видеодо.

Эскерте кетсек, 13-июлда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ч.Айтматов атындагы №5 мектеп-гимназиянын 4-классынын окуучусу класска күчүк алып келгени үчун аны класс жетекчиси катуу тилдеген. Бул жаңжал тартылган видео социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар арасында сынга кабылган. Алар мугалимдин педагогикалык жүрүм-турумун сынга алышып, балага кырдаалды туура түшүндүрүп, ага жаратылышка, жаныбарларга болгон сүйүү сыяктуу баалуулуктарды сиңирүүнүн ордуна, этикага жатпаган жана агрессивдүү жүрүм-турумдарды көрсөтүп жатканына нааразы болушкан. 

Окуя массалык маалымат каражаттарында кеңири тараган. Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги окуя боюнча мектеп директоруна жана соцпедагогго эскертүү, видеотасмага жана окуучуга орой мамиле жасагандыгы үчүн мугалимге катуу сөгүш берилгенин жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх