Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемпир-Абад иши: Асия Сасыкбаева жана Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Активисттердин камактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган жарандардын баш коргоо чарасын кароону улантты.


Соттун чечими менен Асия Сасыкбаева жана Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды.
Сотко Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова да алып келинген. Ал эми Перизат Суранова ооруканада болгондуктан бөгөт чарасы сырттан каралары айтылган.


Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх