Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир үй-бүлөнүн өлүмүнүн себеби

Үрөй учурган кырсыктын чоо-жайы айтылды

Бишкектеги кандуу окуяда бир үй-бүлөнүн өлүмүнүн себеби, каза болгондордун кандай жаракат алгандыгы айтылды. “Бишкек 24” редакциясынын укук коргоо органдарындагы өздүк булактары билдиргендей, кылмышка шектүү жаран, аялдын жана анын кызынын жүрөк тушуна бычак менен бир нече жолу сайган. Каза болгон 18 жаштагы кызды текшерүүдө анын башка жаракаттары дагы бар экендиги билинген.


Ал эми каза болгон аял менен кылмышка шектүүнүн уулу делген 9 жаштагы бала муунтулганы маалымдалып, моюнунда издер бар экени кошумчаланган. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.


Маалыматтарга ылайык, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аял кылмышка шектүүнүн аялына экөөнүн ортосундагы мамилени ачыктайм дегени урушка алып келгендигин белгилешкен. Сүйлөшүүгө барган шектүү менен аялдын ортосундагы урушка кызы кошулуп, биринчи аны бычак менен сайып жиберген. Андан соң апасы бычакталып, ал маалда эсине келген кыз терезеден секирип түшкөн. Качууга аракет кылган кызды кайра үйгө көтөрүп кирип, бир нече ирет бычак сайган.


Ал эми өзүнүн уулу делген 9 жаштагы баланы кылмыш издерин жашыруу жана күбөлөрүн жок кылуу максатында муунтуп өлтүргөн.


Бул кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык алынган окуянын чоо-жайы. Териштирүү иштери уланууда.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх