Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаев Ахматбек Келдибековду сотко берээрин айтты

Ал июнь окуясы боюнча соттук иштерде жалган көрсөтмө берилгенин билдирди

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин мурдакы спикери Ахматбек Келдибековдун июнь окуясы боюнча соттогу билдирүүсүн четке кагат. Бул тууралуу дипломат социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Белгилей кетсек, учурда июнь окуясы боюнча соттук иш өтүүдө. Акыркы отурумда Ахматбек Келдибеков Кадыржан Батыровго паспорт берүү өтүнүчүнө убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министри Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдиль Байсалов кол коюшканын белгилеген.

««Июнь окуялары» боюнча тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, Жогорку Кеңештин парламенттик иликтөөлөрү болуп өткөн. Алардын материалдары менин 2010-жылы Кадыржан Батыров менен бир да жолу жолукпаганымды, Батыровго тийешелүү бир да документке кол койбогондугумду далилдеп турат.

Эгер, Келдибеков кокустан айтып алган болсо, анда сотко официалдуу кайрылып, сөздөрүн жокко чыгарышын сунуш кылат элем. А эгер, Келдибеков ага барбаса, тилекке каршы, сот аркылуу анын жалганын төгүндөөгө туура келет», — дейт Өмүрбек Текебаев.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх