Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз куткаруучулары Түркиядан эртең кайтып келишет

Куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы өтөт

Туркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн очогу – Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эртең, 21-февралда, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:35да жана таңкы 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.


Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


«Кырсык катталган аймакта күнү-түнү иштеп, түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, аларга жардам берген куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы уюштурулат»,- деп айтылат билдирүүдө.


18-февралда, зилзала болуп өткөн Түркиянын Хатай облусунун аймагында кыргыз куткаруучулары 13-күн дегенде урандылар алдынан аман-үч кишини алып чыгышты. Буга чейин урандылар алдынан дагы беш кишини аман куткарышкан.

Жалпысынан издөө иштеринин жүрүшүндө кыргызстандык куткаруучулар тарабынан урандылардын алдынан 8 адам куткарылып, 100дөн ашуун каза болгондордун сөөгү чыгарылган. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кахраманмараш шаарына орнотулнан көчмө ооруканасы, түрк тарапка өткөрүлүп берилди.


Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 талаа госпиталы, 160 боз үй жиберилген.


фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх