Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияга жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга барган куткаруучулар кайтып келишти

Куткаруучуларды тосуп алуу иш чарасы өттү

Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда, издөө-куткаруу иштерин, милдеттерин так аткарышкан куткаруучулар 21-февралга караган түнү кайтып келишти. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунда тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларды өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Түркиянын Кыргызстандагыэлчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМнын өздүк курамы тосуп алышты.

Кыргызстанга аман-эсен келген куткаруучуларды куттуктаган Бообек Ажикеев эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына жана куткаруучулардын аткарган ишин жогору баалады.

"Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМнын куткаруучуларынан турат. Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты", – деди министр.

Ал эми салтанатка катышкан Түркиянын Кыргызстандагы элчиси  кыргызстандыктардын жардамын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх