Бишкекте онкологиялык корпустун курулушу кайра жанданды
Имараттын курулушу 2017-жылы башталган
Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун онкологиялык корпусунун курулушу кайра жанданды.
Министрлер кабинетинин соцтармактагы баракчасындагы маалыматка ылайык, аталган объект И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык базасы болот.
Имараттын курулушунун жүрүшү менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышты. Жапаров 2024-жылы онкологиялык оорулардын алдын алууга кошумча каражат бөлүү пландалып жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, имараттын курулушу 2017-жылы башталган, бирок бир нече себептерден улам объекттин курулушу бүтпөй келген.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- «Авангард стиль» курулуш компаниясынын директору Эрнис Миңкеев СИЗОго киргизилди
- УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды
- Бишкекте жаңы курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугу текшериле баштады
- Бишкекте куруучу 11-кабаттан кулап каза болду
- Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна документтер мыйзамсыз даярдалган