Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды

Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Имарат Кыргызстандын президенти - Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси курулууда.

Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.

Ташиев өз сөзүндө мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогорулай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал өздүк курамга кызматтык тапшырмаларды так аткарып, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүнү улантуу керектигин эскертти.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх