Кара-Сууда эки кичинекей кызды белгисиз адам автоунаасына салып кеткен
Ал ыплас аракеттерди жасоого шектелип кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районунда 5-6 жаштагы кыздарга ыплас аракеттерди жасады делген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 3-апрелде Кара-Суу райондук милициясына кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу шаарынын 6 жаштагы А.А. аттуу тургунун үйүнүн алдында белгисиз адам колунан кармап автоунаасына алып келгендиги айтылат.
Аталган факты маалыматтык электрондук журналга катталып, териштирүү иштери башталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 29-март күнү Кара-Суу шаарында 44 жаштагы жаран беш жана алты жаштагы кыздарга автоунаасында ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде (“Ыплас аракеттер”) кылмыш иши козголуп, 4-апрелде шектүү катары 44 жаштагы Ш.Б. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Фото www
Окшош макалалар
- Бишкектин тургунунун унаасынан “марихуана” баңгизаты табылды
- Баткенде "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги жана китеби табылды (фото)
- Чүйдө келин жаңы төрөгөн наристесин 100 миң сом жана айфонго сатып жиберген
- УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)
- УКМК: Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды (фото)