Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте меймаканалардын биринде 3 жансыз дене табылды

Алар чет өлкөнүн жарандары болгон

Бүгүн, 6-апрель күнү Бишкектеги мейманканалардын биринде чет өлкөлүк 3 жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу “Бишкек24” маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Алдын ала маалыматка караганда, окуя баңгизатты ашыкча колдонуудан улам болгон.

“Анда Пакистандын жараны мейманканага үч айымды чакырып, төртөө биригип спирт ичимдиктерин ичип, кийин наркотикалык заттарды колдонууга өтүшкөн.

Кыздардын бири баңгизатын колдонгон соң уктап калган. Калган үчөө алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү улантып, баңгизатын ашыкча колдонгондон улам үчөө каза болгон. Ал эми аман калган кыз Свердлов райондук милициясына тергөө иштери үчүн жеткирилген”, – дешти өздүк булактар.

Учурда жеринде Свердлов РИИБинин жана ИИМдин кызматкерлери иш алып барууда.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх