Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Түндүк электр" ишканасынын мурдагы директору кармалып, жоопкерчиликке тартылды

Ал мамлекетке 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирген

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан "Түндүк электр" ишканасынын кызмат адамдары 107 даана күч трасформаторлорун сатып алууда, мамлекет үчүн пайдасыз контракт түзгөндүктөн, мамлекетке өзгөчө ири 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Буга ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында ишкананын мурдагы башкы директору К.А.Т. Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Билип туруп пайдасыз контракт түзүү" беренелери менен шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Аталган жаран жогоруда белгиленген беренелердин негизинде айыпкер катарында жоопко тартылып, анын бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна тийиштүү өтүнүчтөр келтирилип, учурда кароо стадиясында турат", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх