Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Байге фонду 540 миң сом

Бишкекте Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш белбоо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чара 14-апрель күнү “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда болуп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Индия жана Афганистандан келген жалпы 100дөн ашык спортчу катышат.

Мелдештин жалпы байге фонду 540 миң сомду түзөт.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Эркектер арасында (классикалык жана эркин түрү): 60, 70, 80, 90. 100, +100 кг.
Кыз-келиндер арасында (эркин түрү): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш эл аралык “Алыш” бел боо федерациясы жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх