Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты
Балбан атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Медет кызы 76 кг салмакта мелдештин чейрек финалында индиялык Прия аттуу спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.
Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырды.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду
- Азия оюндары: Айпери Медет кызы финалга чыкты
- КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл оюндары: “АК ИЛБИРС” спорт мектебинин тарбиялануучулары 7 медаль жеңип алышты
- Спорт мектебинин окуучусу таэквондо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду
- Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт