Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милициянын тергөөчүсү 100 миң сом пара алууга шектелип кармалды

Ал жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүүнү убадалаган

Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү пара алып аткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 11-апрелде тергөөчү Ж.А.Т. 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Ж.А.Т. жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөөчүнү кармоо иштерин УКМК менен КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы биргеликте жүргүзгөн.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх