Балыкчынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты
Ал “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөсү болгон
Балыкчы шаарынын тургуну “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн ишмердигине бөгөт коюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө, аны менен катар Балыкчы шаарындагы экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү менен алдын алуу жана профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнүн бири 46 жаштагы А.А.С. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул экстремисттик кыймылдын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.
Фото www
Окшош макалалар
- «Манас» бажысы 6 тоннадан ашык апийим куурайы баңги затын ташып келүү аракетине бөгөт койду
- УКМК: “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды
- УКМК: Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды
- ЖККУнун Балыкчыдагы машыгууларында жаңы чабуулчу «Муха» учкучсуз учагы биринчи жолу колдонулду
- УКМК: Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды