Кыргызстандык оор атлетчилер Азия чемпионатына катышат
Мелдеш 19-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Түштүк Кореяда өтөт
Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түштүк Кореяда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 19-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Ченджу шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
1. Бекдөөлөт Расулбеков 102 кг;
2. Эмил Молдодосов 89 кг;
3. Изат Артыков 73 кг;
4. Ишенбек Муратбек уулу 67 кг.
Оор атлетика боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- Азия оюндары: Айпери Медет кызы финалга чыкты
- КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл оюндары: “АК ИЛБИРС” спорт мектебинин тарбиялануучулары 7 медаль жеңип алышты
- Спорт мектебинин окуучусу таэквондо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду
- Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт
- Айпери Медет кызы финалга чыкты (фото)