Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көлчүктү чакалап тазалаган окуучулар

Министрлик Ивановкадагы окуяны түшүндүрдү

Билим берүү жана илим министрлиги Чүй облусуна караштуу Ивановка айылындагы №1 мектеп-гимназиясындагы окуучулардын көлчүктү тазалаганы боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин интернет айдыңына окуучулар көлчүктү стакандын жардамы менен кургатууга аракет кылып жаткан видео тараган.

"Катуу жамгыр жааган сайын жамгырдын суусу атайын суу чыгып кетүүчү арыкчалардын жоктугуна байланыштуу мектеп короосуна топтолуп калат. Мектептин алдына 1982-жылы бетон блоктор төшөлгөн, суу чыгып кетүүчү арыкчалар жасалган эмес. Азыркы учурда бул жер оңдоп-түзөөгө муктаж. Эки жыл мурун айыл өкмөтүнө мектептин алдына таманташ (брусчатка) төшөө боюнча долбоор жазылып, бирок өткөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

22-майдагы катуу жааган жамгырдан кийин балдардын мектепке кирүүсүнө тоскоолдук жаралган.

"Мектепте бир короо шыпыруучу, чарба иштери боюнча директордун орун басары жана бир техничка иштейт. Алар короодогу сууну ташып баштаган. Бирок эки-үч адамдын сууну тез арада ташып жетишүүсү мүмкүн эмес эле. Мектептин тарбия иштери боюнча орун басарлары 10-класстын окуучуларынан сууну ташууга жардам берүүлөрүн суранып балдар макул болушкан. Окуучулар жардам берүүнү өздөрү да сунуштагылары келгенин билдиришкен. Анткени бул балдардын көпчүлүгү мектеп парламентинин мүчөлөрү, алар дайыма мектептин иштерине жардам берип келишкен", — деди министрликтен.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх