Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жарнак илинген жайлар жоопкерчилик тартсын!

Мадумаров: Бүт жерде баңгизаттын жарнамасы

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Бишкектин көчөлөрү баңгизаттын жарнагына айланын айтты.

Анын айтымында, каякты караба: көчө кесилиштери, үйлөр, дарбазалар, короолор, электр панелдери – бардык жерде баңгизаттардын жарнактары.

"Ички иштер министрлиги, шаар бийлиги каякты карап жатат? Кайда барба, бардык жерде гашиш-машиш, дареги жазылган мефедрон", - деп белгиледи депутат.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул маселе боюнча башкармалык мэрия менен тынымсыз иш алып барып жатканын айтты.

"Бул жазууларды ким калтырып кеткенин чогуу аныктап, өчүрөбүз жатабыз. Алар баңгизаттарды таратуунун ар кандай жолдорун ойлоп табышат экен. Алардын үстүнөн да иштеп жатабыз", - деп кошумчалады чиновник.

Мадумаров мындай жарнактар коюлган объектилердин ээлерин жоопкерчиликке тартууну сунуштады.

"Мындай жарнактар коюлган объектилердин ээлерин жоопкерчиликке тартуу керек. Анан кийин эч кандай жарнама болбойт. Бул күрөштүн өтө жөнөкөй, кыска жолу, чыгымды талап кылбайт", - деди ал.

Абдиев Ички иштер министрлиги Мадумаровдун сунушун эске аларын билдирди.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх