Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Токторбаев мал ээлерине салык салууну сунуштоодо

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал ээлерине салык салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом.

Ошондой эле айыл чарба жаныбарларына салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, айыл өкмөттүн бюджетине каражат түшүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, атап айтканда, ветеринардык врачтар менен камсыз кылууга, малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга ж.б. жумшалмак. Чогулган каражаттардын 100 % жергиликтүү бюджетке түшөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх